19.07.2016, 16:00

Кыргызстандын курама командасы көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи. Чемпионат 16-июлда Шотландияда аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине көчө футболу боюнча федерациянын башкы катчысы Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, 2007-жылдан тартып Кыргызстандын эркектер жана аялдар курама командалары көчө футболу боюнча дүйнөнүн жана Азиянын чемпионаттарына катышуда.

“10-17-июлда Шотландиянын Глазго шаарында өткөн чемпионатка дүйнөнүн 64 өлкөсүнөн командалар катышты. 4-финалда кыргызстандыктар индиялыктарды 9:1 эсебинде жеңсе, жарым финалда шотландиялыктарды 7:3 эсебинде утту. Финалда мексикалыктарга туруштук бере албай 5:0 эсебинде жеңилип калып, 2-ардактуу орунду ээлешти”-деди А.Касымалиева.