18.07.2016, 13:03

Кыргызстандык дагы бир спортчу Олимпиада оюндарында лицензия утуп алды

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Штангист Жаңыл Окоева Олимпиадага жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук курама командасынын даярдоо Олимпиада борборунун дирекциясынын башчысы Төлөсүн Ысыраилов билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк оор атлетика боюнча башка өлкөдөн келген спортчулардын күбөлүгү кайтарып калды, ошондуктан кыргызстандык Жаңыл Окоевага уруксат берилди.

«Биздин олимпиядачылардын бардыгы жыйындарда жүрүшөт жана даярданып жатышат. Мелдешүүлөргө башка спортчулар менен чыгып жатышат. Грек-рим күрөшү бөлүмү Кореяда жайгашкандыктан корейлер менен биргеликте даярданышууда.

Биздин дзюдоисттер Казакстанда, айрым спортсмендер Россияда, а калгандары болсо Ысык-Көлдө оюнга даярданышууда”,-деди ал.

“Учурда Кыргызстандыктарда 19-лицензия бар, бирок дагы бир лицензия утууга мүмкнүчүлүк бар. Атыш боюнча лицензия утабыз деп ойлоп жатабыз, мүмкүн утуп калабыз. Бүгүн кечке чейин ал белгилүү болот”,-деди ал.

Эске салсак, Кыргызстанда Олимпиада – 2016 оюндарына катышууга төмөнкүлөрдүн укугу бар:

Юлия Андреева, Мария Карабицкая, Виктория Полюдина, Дарья Маслова, Илья Тяпкин (бардыгы жеңил отлетика); Арсен Эралиев, Руслан Царев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов (бардыгы грек-рим күрөшү); Айсулуу Тыныбекова (кыздар арасында күрөш); Магомед Мусаев, Айаал Лазарев (эркин күрөш); Эркин Адылбек уулу (бокс); сборная Кыргызстана по тяжелой атлетике; Юрий Краковецкий и Отар Бестаев (дзюдо); Дарья Таланова и Денис Петрашов (сүзүү).