18.07.2016, 12:31

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы эл аралык турнирде коло медалды жеңип алды

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы Якутияда 17-июлда аяктаган эл аралык турнирде коло медалды жеңип алып, 3-орунду ээледи. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдирди.

Аталган турнирге Кыргызстандан, Япониядан, Ыраакы Чыгыш федералдык округунан, Сибирь федералдык округунан жана Саха Республикасынан (Якутия) бирден командалар катышкан.

“Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы турнирде Сибирь федералдык округунун жана Саха Республикасынан командаларын жеңип, бирок Ыраакы Чыгыш федералдык округунун жана Япониянын командаларынан жеңилип калды”,-деп айтылат билдирүүдө.

1-орунду Япониянын, 2-орунду Ыраакы Чыгыш федералдык округунун командалары ээлешти.