14.07.2016, 12:02

Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиадалык оюндарга катышуучу спорттук делегациянын формаларынын үлгүлөрү көрсөтүлдү

Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиадалык оюндарга катышуучу спорттук делегациянын формаларынын үлгүлөрү көрсөтүлдү

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиеванын төрагалыгы астында быйыл, 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) өтүүчү XXXI Олимпиадалык жана XV Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн спортчуларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргызстандык спортчулар тараптан Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн 18 лицензия, ал эми Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн 3 лицензия утуп алынган.

Жыйын жүрүшүндө Кыргызстандын делегация мүчөлөрү үчүн параддык жана спорттук формалардын үлгүсү тартууланды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын расмий спорттук делегациясынын курамы бекитилди. Рио-де-Жанейро шаарындагы Оюндарда спортчуларды алардын жеке машыктыруучулары коштоп жүрөт.