Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/07 13:10
 

Азия чемпиону Акжол Махмудовду Ош Эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты

Азия чемпиону Акжол Махмудовду Ош Эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Бүгүн, 13-июль Кытайда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугун алып, алтын медаль менен кайткан Акжол Махмудовду Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев баш болгон мэриянын өкүлдөрү, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спорт күйөрмандары жана балбандын туугандары Ош Эл Аралык аэропортунан тосуп алышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Вице-мэр А.Топчубаев спортчуга ак калпак кийгизип, чапан жаап, ийгилик каалады.

“Ар бир ийгиликке жетишкен спортчулар өлкөбүздүн спорт тармагындагы аброюн жогорку деңгээлге жеткиришет. Ошондой эле, алардын жеңиштери жаштарыбыздын спортко болгон кызыгуусун арттырып жаш өспүрүмдөргө эң жакшы үлгү болот. Андыктан сенин багындыра турган ийгиликтерин дагы да болсо алдыда. Өлкөнүн намысы үчүн көптөгөн ийгиликтерге жетишесиң деп ишенем”,-деди А.Топчубаев.

Айта кетсек, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугу 7-июлдан 10-июлга чейин Кытайдын Тайчжунг шаарында өткөн. Акжол Махмудов 69 кг салмактык категорияда күч сынашып, алтын медаль менен кайтты. Азия чемпиондугуна 400гө жакын балбан катышкан. Кыргызстандан барган курама команда үчүнчү орунду багындырып, эки алтын, бир күмүш, төрт коло медаль менен кайтышты.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов 2014-жылы Индияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдеште да биринчиликти камсыздап, Азия чемпиону аталган.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу