Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/07 13:05
 

Олимпиада оюндары 2016: Учурда спортчуларыбыздын 18 лицензиясы бар

Олимпиада оюндары 2016: Учурда спортчуларыбыздын 18 лицензиясы бар

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Учурда Кыргызстандыктар Рио-де-Жанейродо Олимпиадалык оюндарга катышууга 18 спортчу лицензия утуп алды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Кыргызстан улуттук курама командасынын олимпиадага даярдоо борборунун басма сөз катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандан Олимпиада оюндарына катышуу укугуна төмөнкүлөр ээ болду: Юлия Андреева, Мария Карабицкая, Виктория Полюдина, Дарья Маслова, Илья Тяпкин (бардыгы жеңил атлетика);
Арсен Эралиев, Руслан Царев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов (бардыгы грек-рим күрөшү боюнча);

Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү боюнча); Магомед Мусаев, Айаал Лазарев ( эркин күрөш); Эркин Адылбек уулу (бокс); оор атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы; Юрий Краковецкий и Отар Бестаев (дзюдо); Дарья Таланова и Денис Петрашов (сууда сүзүү).

Ал ошондой эле, Кыргызстандан Жанарбек Кенжеев грек-рим күрөшү боюнча Рио-де-Жанейро жайкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди.

Эскерте кетсек, Ж.Кенжеев Рио Олимпиадасына катышуу укугун Астанада (Казакстан) өткөн Азия мелдешиндеги жеңиши үчүн алган. Бирок, United World Wrestling спортчу доппинг колдонгон деп Олимпиада оюндарына катышуу укугунан ажыраткан болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу