Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/07 12:03
 

Кыргызстандын жаш шахматчылары шахмат боюнча XII Азия чемпионатына катышууда

 Кыргызстандын жаш шахматчылары шахмат боюнча XII Азия чемпионатына катышууда

Бишкек, 12 -июль /Кабар/. Кыргызстандын жаш шахматчылары шахмат боюнча XII Азия чемпионатына катышып жатышат.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июлда Ирандын борборунда «2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча XII Азия чемпионаты» башталды. Аны Эл аралык шахмат федерациясы, Азия өлкөлөрү боюнча шахмат Федерациясы жана Ирандын шахмат Федерациясы уюштурууда.

Аталган мелдеш Тегеран шаарындагы «Варзеш» комплексинде өтүп, ага 7 жаштан 17 жашка чейинки кыздар жана балдар катышат.

Турнирде жалпысынан 18 Азия өлкөсүнүн, атап айтканда Индия, Кытай, Пакистан, Шри-Ланка, Индонезия, Иран, БАЭ, Йемен, Малайзия, Монголия, Сингапур, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Шри-Ланканын жаш шахматчылары катышып жатат.

Бул мелдешке Кыргызстандан ар кандай курактагы категориялар боюнча 10 оюнчу катышат. Айрыкча Азия чемпионатында өз таланттарын көрсөткөн жеңүүчүлөр жана лауреттар Орозбаев Эльдияр, Чынгыз Султай, Омурбекова Диана жана Мирлан кызы Азалиялардан үмүт чоң.

Иш-чаранын ачылышында Эл аралык шахмат федерациясынын Президенти Кирсан Илюмжинов сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Чемпионаттын алкагында тез шахмат боюнча блицу и рапиду ойнотулат.

Чемпионат швейцария системасы боюнча 9 тур менен өтүп, 18-июлга чейин созулат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу