Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/07 11:20
 

Кыргызстандык гандболчулар Россияда Ч.Түлөбердиевдин элесине арналган мелдеште жеңишке жетишти

Бишкек, 12-июль /Кабар/. “Кыргызстандык гандболчулардын биринчи орунга чыгышычоӊ жетишкендик”,-деди Жогорку Кенештин депутаты, Кыргызстандын гандбол федерациясынын президенти Максат Сабиров Россиядагы Воронеж облусунун Лиски шаарында Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элесине арналган спорттук иш-чаранын жүрүшүндө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Гандбол боюнча жолдоштук беттешке Кыргызстандан он жаш спортчу үч машыктыруучусу менен катышып, бир аптага созулган мелдеште кыргызстандык спортчулар 21 упай топтоо менен атаандаштарын утуп алышты.

Эл өкүлү М.Сабиров жаш гандболчулардын биринчи орунду камсыздашын чоӊ жетишкендик катары баалады. Лиски районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Виктор Шевцов Кыргызстандык жаш спортчуларды жеӊиши менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады.

Жаш спортчулардын Россия аймагында өткөн мелдешке катышуусуна ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков дагы колдоо көрсөтүп, өз фондунан каражат бөлүп берген. Спорттук беттештин алкагында депутат баштаган кыргызстандык жаш спортчулар Воронеж облусунда иштегенэмгек мигранттары, спорт ардагерлери Чолпонбай Түлөбердиев эрдик көрсөткөн Селявное айылына барып, баатырга арналып уюштурулган музей менен таанышышты. Андан сон Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигине гүл коюшуп, анын эрдигине таазим кылышты.

Белгилей кетсек, жердешибиз Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылдын 6-августунда Дон дарыясынын жээгиндеги тик бетке фащисттер тарабынан орнотулулган дзотко төшүн тосуп, баатырларча курман болгон. Дзоттон жааган ок токтогогондо, советтик жоокерлер душмандарды талкалап, аларды артка сүрүп салышкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу