11.07.2016, 10:43

Португалия командасы 1-мертебе футбол боюнча Европа чемпиону болду

Португалия командасы 1-мертебе футбол боюнча Европа чемпиону болду

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Португалиянын курама командасы турнир кожоюну Франциянын командасын кошумча убакытта 1:0 эсебинде утуп, Футбол боюнча Европа чемпионатында тарыхта биринчи мертебе чемпион аталды. Парижге жакын Сен-Дени шаарчасындагы «Стад де Франс» стадионундагы оюнда жалгыз голду 109-мүнөттө Эдер киргизди. Бул тууралуу ИТАР ТАСС билдирди.

Португалиянын курама командасы буга чейин Европа чемпионатында финалдын 4-бөлүгүнө чейин жеткени менен бир да жолу жеңишке ээ болгон эмес. 2004-жылы өз жергесинде өткөн Европа чемпионатында финалга чыгып, бирок Греция командасына 0:1 эсебинде утулуп калган.

Эми португалиялыктар 2017-жылы Россияда өтө турган Конфедерация кубогунда ойнойт.