07.07.2016, 10:22

Португалия курамасы Уэльсти жеңип, финалга чыкты

Португалия курамасы Уэльсти жеңип, финалга чыкты

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Европа чемпионатынын жарым финалдык бөлүгүндө Уэльс менен беттешкен Португалиянын футбол боюнча курама командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты. 

Оюн кечээ Франциянын Лион шаарындагы стадиондо өттү. Алгач эки команда бири-бирине байкоо салып, биринчи таймда эсеп ачылган жок. Экинчи бөлүктө Криштиану Роналдо топту башы менен киргизсе, андан кийин удаа эле Нани экинчи топту киргизип португалиялыктар үчүн финалга жол ачты.

Бүгүн, 7-июлда жарым финалдык беттеште француздар менен немистер күч сынашат. Анда финалда ойной турган команда аныкталат. Бир айга созулган чемпионаттын жыйынтыктоочу беттешүүсү 10-июль күнү "Стад де Франс" стадионунда өтөт.