Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/07 10:09
 

Якутияда “Азия балдары” эл аралык спорттук мелдеш башталды

Бишкек, 7-июль /Кабар/. 6-июлда Якутск (Россия) шаарында “Туймаада” стадионунда эл аралык VI “Азия балдары” спорттук мелдешинин ачылыш салтанаты болду. Бул тууралуу Кыргызстандын спорт делегациясынын басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Ачылуу салтанаты жергиликтүү жылдыздардын концерти менен коштолду. Ага Россия Федерациясынын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Саха (Якутия) республикасынын башчысы Егор Борисов жана Олимпиадалык комитеттин президенти Александр Жуков катышты.

Эл аралык “Азия балдары” спорттук оюндары 6-июлдан 16-июлга чейин созулат. Мелдешке 36 мамлекеттен келген 16 жашка чейинки 3000ден ашык балдар өз күчтөрүн сынашат. Кыргызстандын атынан аталган мелдешке 90 спортчу барды. Оюндардын жүрүшүндө спорттун жалпы 22 түрү боюнча медалдар ойнотулат. Алардын арасында жергиликтүү элдин улуттук оюндары дагы камтылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу