04.07.2016, 09:54

Евро-2016: Исландиянын жомогу аяктады

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалынын соңку оюнунда Исландия курама командасы францустардын дарбазасына эки топ киргизгени менен жыйынтыгында 2:5 эсебинде утулуп, үйүнө кайтты. Оюндун биринчи бөлүгү францустардын үстөкөкө-бөстөк чабуулу менен коштолуп, тыныгууга чейин француздар исландиялыктардын дарбазасына 4 топту киргизип кетишти. Оюндун экинчи бөлүгүндө Исландиялыктар оюндун шыгын колго алышып, францустарга алгачкы топту багытташты. Стадиондогу бүтүндөй исландыктар бул голго маңдайы жарыла кубанышып, өз сүймөнчүктөрүнө ыраазы болуп жатышты. Кантсе да францустардын тажрыйбалуулугун көрсөтүшүп, голго гол менен жооп беришти. Оюндун акыркы демине чейин ойной ала тургандыгын көрсөткөн Исландыктар кысынып туруп калбастан, атаандаштырынын дарбазасына чабуулдар менен чыгып жатышты. Оюндун 76-мүнөтүндө исландыктар экинчи топту францустардын дарбазасына багыттады. Дагы бир жүз пайыздык пенальти францустардын дарбазасына берилген жок.

Оюндан кийин Исландия оюнчулары менен башкы машыктыруучулары Исландыктардын чейрек финалга чыгышынын өзү эле өлкө үчүн эбегейсиз чоң ийгилик болгондугун айтышты. Калкы 300 миңдей гана болгон Исландия бул чемпионатта алардан эч ким күтпөгөн баш айлантма оюнду тартуулай алышты.

Жарым финалдын алкагында оюн 7-8-июль күндөрү болуп, Португалия-Уельс жана Германия-Фоанция беттешет.