Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/07 10:13
 

Португалиянын курамасы пенальтиден Польшаны жеңип, жарым финалга чыкты

Португалиянын курамасы пенальтиден Польшаны жеңип, жарым финалга чыкты

Бишкек, 1-июль /Кабар/. Португалиянын курама командасы футбол боюнча Европа чемпионатынын ¼ финалында пенальтиден гол кийирип, турнирдин жарым финалына чыкты.

Марселдин «Велодром» стадионунда өткөн матчда эсеп 1:1 болду. Поляктардан голду Роберт Левандовски (2-мүнөттө) киргизди. Португалиялыктардан Ренат Саншеш (33) айырмаланды. Пенальтиде Португалиянын курамасы күчтүүлүк кылып, эсеп 5:3 менен аяктады.

Жарым финалда португалиялыктар Уэльс – Бельгия ойногон матчта жеңгени менен беттешет. Бул эки команданын матчы бүгүн 1- июлда Лиллде өтөт. Португалия жарым финалды 6-июлда Лиондо өткөрөт.

Булак: ИТАР-ТАСС

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу