01.07.2016, 10:00

Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы "Азия балдары" эл аралык оюндарына катышат

Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы "Азия балдары" эл аралык оюндарына катышат

Бишкек, 1-июль /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр (U-16) курама командасы 6-июлдан 17-июлга чейин Якутскта (Россия Федерациясы, Саха Республикасы) өтүүчү "Азия балдары" VI эл аралык оюндарына катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Быйыл мелдешке 38 өлкөдөн 3,5 миң оюнчу катышуусу күтүлүүдө.

Оюндардын алкагындагы футбол боюнча мелдеште беш команда — Ыраакы Чыгыш федералдык округу, Япония, Кыргызстан, Саха Республикасы жана Сибирь федералдык округунун футболчулары күч сынашат. Регламентке ылайык, оюндар айлампа системасы менен өтөт.

Кыргызстандын атынан 136 киши барса, анын 90у — спортчулар. Алар эркин жана кыздар арасындагы күрөш, жеңил атлетика, көркөм гимнастика, ок атуу, сууда сүзүү, таэквандо, футбол, бокс, шахмат, стол тенниси, таяк тартыш, күрөш боюнча күч сынашмакчы.