29.06.2016, 15:46

Кыргыз гимнасттары Астанадагы эл аралык турнирде эки алтын медалга ээ болушту

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. 23-25-июнь күндөрү Астана шаарында өткөн “Жылдыз” көркөм гимнастика боюнча V эл аралык турнирде Кыргызстандык спортчулар эки алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу турнирге катышуучунун энеси Рахат Закирова билдирди.

Анын айтымында, лицензияга ээ болгон турнирге Россия, Египет, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Беларусь өлкөлөрүнөн келген эң күчтүү гимнасттар катышты.

“Аталган турнирге Кыргызстандан 8 кыз катышты. Бардык катышкан кыздар байгелүү орунга ээ болуп, алардын ичинен экөө алтын медалга ээ болду”,-деди Р.Закирова.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
- Асема Бадыкеева(2009-жылы туулган) категория «А» - I орун;
- Карина Мустафина (2005-жылы туулган) категорияда «А», - I орун;
- Карина Закирова (2006-жылы туулган) категория «А», - III орун;
- Амина Закирова (2006-жылы туулган) категория «А», - V орун;
- Акмарал Азимова (2005-жылы туулган) «Б» категориясы - IV орун;
- Адина Асанканова (2004-жылы туулган), «Б» категориясы боюнча - III орун.
- Алтынай Кемелова (2004-жылы туулган) «Б» категориясы боюнча - III орун.