Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/06 15:00
 

Кыргызстандык пауэрлифтинг боюнча 517,5 кг жыйынтык менен дүйнө чемпиону болду

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Кыргызстандык Алымбек уулу Акжол Пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигине «күрөштүн үч түрү боюнча күрөшүү» версиясы боюнча Кыргызстандын пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеш Киллинде (АКШ) өттү. Анда Баткенден келген 22 жаштагы Алымбек уулу Акжол өспүрүмдөр арасында 59 кг салмакка чейинки категория менен чыкты. Анын күрөштүн үч түрү боюнча күрөшүү чемпиондук жыйынтыгы 517,5 килограмм болду.

«Алымбек уулу Акжол – KР эл аралык үлгүдөгү спорт мастери, спортчулардын арасында дүйнө чемпиону титулун экинчи ирет утуп алышы, ал эми 2014-жылы биринчи жолу 53 кг салмак менен мыкты деп табылган. Учурда 59 кг салмак менен чоң ийгиликти багындырды. Мындан сырткары, чемпионатта атайын көнүгүүлөрдү жасап эки алтын медалга ээ болду”,-деди Б.Керимбеков.

Федерациянын президентинин айтымында, Алымбек уулу Акжол каржылык маселесине байланыштуу мелдешке эс албай туруп чыкканга туура келген. “Анткени, учакка билет акыркы күнү алынган. Акжол Алматадан учуп кетти, ал учуп отуруп Киллиндин аэропортуна кечки саат 11де конду, ал эми таңкы саат 7де салмагын өлчөтүп, саат 9да дөңсөчөгө чыкты. Бирок, булардын бардыгы анын максатына тоскоол боло алган жок”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу