28.06.2016, 15:35

Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунда шахмат жана шашке боюнча Бишкек шаарынын командалык биринчилиги үчүн мелдеш өтөт

Бишкек, 28- июнь /Кабар/. 2-7-июлда Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунда шахмат жана шашке боюнча Бишкек шаарынын командалык биринчилиги үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Команданын курамы 4 адамдан – 3 эркек жана 1 аялдан турат. Турнир Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.