27.06.2016, 12:51

Лионель Месси 2016-жылы Американын жыйынтыктоочу кубогунан кийин курама командадан кетет

 Лионель Месси 2016-жылы Американын жыйынтыктоочу кубогунан кийин курама командадан кетет

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. Аргентина курама командасынын башчысы Лионель Месси 2016-жылы Американын жыйынтыктоочу кубогунан кийин курама командадан кетээрин айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

«Мен үчүн улуттук курамада баары бүттү. Бул менин эсебимдеги төртүнчү финал болчу үч жолу утулдум. Азыркы тапта мен курама командада келечегимди талдоо кыйын болуп турат », — деди Месси.

Ал эми Reuters агенттиги Лионель Месси азыркы учурда курама командадагы өз келечегине сереп салып жатканын билдирген.
Маалыматка таянсак, Америка Кубогунда Аргентина менен Чили тең эсепте ойногон. Ал эми пенальти сериясынан форвард гол киргизе албай койгон.

Жыйынтыгында Чили Аргентинаны жеңип, чемпион болуп чыга келди. Аргентина курамасы үчүнчү жыл катары менен негизги убакытта атаандашынын дарбазасына топ киргизе албай келе жатат. Алар 2014-жылы болгон Дүйнөлүк чемпионатта дагы Германиядан 0:1 эсебинде жеңилген.