Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/06 12:09
 

Евро-2016: Франция, Германия жана Бельгия 1/4 финалга чыкты

 Евро-2016: Франция, Германия жана Бельгия 1/4 финалга чыкты

Бишкек, 27- июнь /Кабар/. Өткөн дем алышта футбол боюнча Европа чемпионатында Франция менен Ирландия, Германия менен Словакия, Бельгия менен Венгриянын курама командаларынын ортосунда 1/8 матчтары болуп өттү.

Франция ирландиялыктарга 2 гол кийирип, финалдын 4-бөлүгүнө чыкты. Мында Антуан Гризманн айырмаланып, 57-жана 61- мүнөттөрдө гол киргизди. 1/4 финалда Франция менен англиялыктар же исландиялыктар таймашат.

Германия Словакияны 3:0 эсебинде “талкалап”, кезектеги турнирге чыкты. Голдорду
Жер Боатенг 8-мүнөттө,Марио Гомес 43-мүнүттө жана Юлиан Дракслер 63-мүнөттө киргизишти. Эми немистерге каршы испаниялыктар же италиялыктар чыгат.

Бельгия Венгрияны 0:4 эсебинде оңой эле утуп, ¼ финалга чыкты. Бул оюнда Тоби Алдервейрелд 8-мүнөттө, Миши Батшуайи 78-мүнөттө, Эден Азар 79-мүнөттө, Янник Карраско 90-мүнөттө гол кийиришти.

¼ финалда бельгиялыктар Уэльстин курамасын кабыл алат. Анткени, Уэльс Түндүк Ирландиянын курамасын 1:0 эсебинде утуп алган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу