23.06.2016, 15:29

Чолпон-Атада КРдын спорттук журналисттеринин ортосунда мелдеш өтөт

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. 30 –июндан 3-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) КРдын спорттук журналисттеринин ортосунда мелдеш болот. Бул тууралуу КРдын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттигинин маалымат кызматынан билдирди.

Иш чара 2-июлда белгилене турган спорттук журналисттеринин эл аралык күнүнө арналат. Мелдеш мини-футбол, сууда сүзүү, тогуз коргоол, аркан тартуу боюнча өтөт. Иш чаранын максаты - ден-соолукту чыңдоого көңүл буруу, жалпыга маалымдоо каражартарынын өкүлдөрү менен байланышты арттыруу болуп саналат.