Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/06 13:13
 

Бишкекте «World of Tanks» турнири учурунда Башкы штаб Улуу Ата Мекендик согуз мезгилиндеги аскердик техникалардын көргөзмөсүн уюштурат

 Бишкекте «World of Tanks» турнири учурунда Башкы штаб Улуу Ата Мекендик согуз мезгилиндеги аскердик техникалардын көргөзмөсүн уюштурат

Бишкек, 10-июнь /Кабар/. «КРдын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоого чоң көңүл бурат, ошондуктан биз «World of Tanks» менен буга чейин да кызматташып келгенбиз”,-деди “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коргоо иштери боюнча Мамкомитеттин ракета-артиллериялык бөлүмүнүн башчысы Медет Султанбеков.

Бишкекте 11-июнда «World of Tanks» оюну боюнча Борбордук Азия Лигасынын 1-финалы болот. Турнирге Кыргызстандан 2, Казакстандан 2, бардыгы болуп 4 команда катышат. Ал эми супер финал Алматыда өтөт.

М. Султанбековдун айтымында, Кыргызстанда 3-мертебе өтүп жаткан бул иш-чарага КР КК Башкы штабы дайыма катышып келүүдө. “Иш-чара учурунда Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги аскердик техникалардын жана заманбап техникалардын көргөзмөсүн уюштурабыз. Белгилей кетчү нерсе, «World of Tanks» менен биргеликте Улуу Ата Мекендик сагуш мезгилиндеги даңктуу Т-34-85 танкасын Кыргызстанда реконструкциялап, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкекте аскердик параддан өткөргөнбүз”,-деди М. Султанбеков.

Ал эми “Кабар” Улуттук маалымат агенттигинин директору Кубан Таабалдиев Кыргызстанда «Word of Tanks» оюнунун алгачкы өнөктөшү “Кабар” агенттиги болуп калгандыгын белгиледи. “Кабар” «Word of Tanks» кибероюнунун өнөктөшү болгондугуна сыймыктанабыз. Биздин кызматташтыгыбыз ийгиликтүү уланат деп ишенебиз. Танктар – миллиондогон адамдар тартылган дүйнөлүк оюн. Киберспорт ушунчалык актуалдуу оюн болуп калды, ал спорттун традициялык түрлөрү менен да атаандаша алышы мүмкүн. Мындай оюндарга жаштар көп тартылат, бул өз учурунда аларды патриоттулукка жана Мекенин сүйүүгө тарбиялайт”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу