Спорт

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
10/06 13:27
 

Эртең Бишкекте «Word of Tanks» кибер оюну боюнча турнир өтөт

 Эртең Бишкекте «Word of Tanks» кибер оюну боюнча турнир өтөт

Бишкек, 10-июнь /Кабар/. Кыргызстандан эки команда жана Казакстандан эки команда эртең 11-июнда Бишкекте «Word of Tanks» кибероюну боюнча ат салышып, 400 миң сом башкы байге жана 27-ноябрда өтө турган Борбордук Азия Лигасындагы Башкы финалга билетке ээ болуу үчүн мелдешет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн малымат жыйынында «Wargaming» компаниясынын Борбордук Азия боюнча долбоорунун куратору Константин Никифоров билдирди.

Анын айтымында, күч сынашуу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. “2016-жылы оюндун эки сезону өтүп, командалар Wargaming.netLeague чемпиондук титулун жеңип алууга жана GoldSeries оюнуна катышууга мүмкүнчүлүк алат. Эки фазадан турган 1-сезон 2-майда башталып, 29-майга чейин созулду. Катышуучулар командалык рейтингде беттешти. Жыйынтыгында эртең 4 команда таймашат. 1-сезондун сыйлык фонду 750 миң сом. 1-орунга 400 миң сом, 2-орунга 200 миң сом, 3-орунга 140 миң сом каралган. 2-сезон август-сентябрь айларында Алматыда өтөт. Эртең турнир учурунда Hyundai Accent маркасындагы машина утушка коюлуп, аккаунттук оюнда ойнотулат”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу