Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/06 12:02
 

Бүгүн түнү Францияда футбол боюнча Европанын 15-чемпионаты башталат

 Бүгүн түнү Францияда футбол боюнча Европанын 15-чемпионаты башталат

Бишкек, 10-июнь /Кабар/. Бүгүн, 10-июндан 11-июнга караган түнү Францияда футбол боюнча Европанын 15-чемпионаты башталат.

Турнирдин финалдык стадиясында биринчи жолу алты тайпага бөлүнүшкөн 24 команда ойнойт. Тайпалык этаптын жыйынтыгы менен 16 команда плей-оффко чыгып, оюнду улантышмакчы.

Ал эми футбол сүйүүчүлөр мелдештин ачылышын Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө көрө алышат. Анда Франция менен Румыния курама командаларынын ортосунда оюн болот. Жолугушуу Сен-Дени шаарындагы «Стад де Франс» стадионунда өтөт.

Эскерте кетсек, спорттогу жылдын маанилүү окуясы болгон Европа чемпионатынын матчтарын Кыргызстандын аймагында КТРК жана КТРК Спорт каналдары түз алып көрсөтөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу