Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/06 11:12
 

Бишкекте Орто Азия боюнча II Эл аралык бий олимпиадасы өтөт

 Бишкекте Орто Азия боюнча II Эл аралык бий олимпиадасы өтөт

Бишкек, 1-июнь /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Спорт искусство контемпорари жана модерн федерациясынын президенти Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын 3-5-июнунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бишкек шаарындагы “SUN City” спорт комплексинде Орто Азия боюнча II Эл аралык бий олимпиадасы өткөрүлөт. Иш-чара жаштарды бийге кызыктыруу, алардын ден соолугун бекемдөө максатында уюштурулууда.

“Аталган бий олимпиадасы быйыл экинчи ирет өткөрүлгөнү турат. Былтыр ага 5 өлкөдөн келген бийчилер катышкан. Ал эми быйылкы жылы 52 бий багытында 10дон ашык мамлекеттен 2000ге чукул бийчи катышмакчы. Бул күндөрү кызыкчылыгы дал келген ар тармактагы спорттук жана бий өнөрүнүн чеберлери бир аянтка чогулушат. Бий - бул спорт деп айткым келет. Ошондуктан биз жаштарды бийге тартып, бий менен кызыктырышыбыз керек. Алардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек”,-деди О.Кузнецова.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу