Спорт

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
30/05 14:25
 

Бишкек шаардык кеңеши шахмат сүйүүчүлөр арасында мелдеш уюштурду

 Бишкек шаардык кеңеши шахмат сүйүүчүлөр арасында мелдеш уюштурду

Бишкек, 30-май /Кабар/. 29-майда Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиясынын залында шахмат сүйүүчүлөр арасында Бишкек шаарынын кубогу ойнотулду. Кубок Бишкек шаардык мэриясынын маданият жана спорт боюнча башкармалыгы, Chessfor Amateurs жана КРнын шахмат федерациясынын колдоосу менен Бишкек шаардык кеңеши тарабынан демилгеленген. Бул тууралуу окуу жайдан билдирди.

Мелдештин катышуучулары Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык кызматтын өкүлдөрү, шаардыктар, студенттер жана окуучулар болуп, жалпысынан 100 дөн ашык адам катышты.

Мелдешти Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев ачып, учурда шахматтын, дегеле спорттун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мелдеште 1-орунду Маликова Бегимай, Жусупов Болот, 2-орунду Бердикожо кызы Жеңишкүл, Сейитов Тойчубек, 3-орунду Атайбекова Нузгүл, Останкулов Таалайбектер камсыздашты.

Ошондой эле, “Эң жаш шахматчы” наамы Жайлообаев Нурболот, Урманбетов Ыйман, Алымкулова Алимага тапшырылса, “Мелдештин мисси” наамы Алканова Айдайга, “Мелдештин ардагери” наамы Орозалиев Төлөмүшкө ыйгарылды.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө эстелик белектер жана байгелер берилди.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу