Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/05 17:35
 

Уфада өткөн мелдеште Кыргызстандын спортчулары 26 медаль алууга жетишти

Бишкек, 26-май /Кабар/. Россиянын Уфа шаарында өткөн карате-до WKF эл аралык мелдешинде Кыргызстандык спортчулар жалпы 26 медалга жетишти. Бул тууралуу «Кейхацу» спорт клубунун жетекчиси Дмитрий Казанов билдирди.

Анын айтканына караганда, бул мелдешке Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышты. Алардын байге куржунунда 11 алтын, 6 күмүш жана 9 коло медаль бар.

Темирлан Базарбаев «ката», «кумите» жана «командалык ката» бөлүмдөрүндө өзгөчөлөнө алган, ал эми Умида Айсаева эки ирээт биринчиликке жетишкен.

Адилет Шадыканов 4 жолу кармашып 4 алтын медаль алды. Ошондой эле, Адылбек уулу Нурболот, Алишер Саякбаев, Александр Кузнецов, Мирлан Соотбаев жана Акылбек уулу Эрлан бирден алтын медаль тагынышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу