Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/05 11:55
 

“Манчестер Юнайтед” футбол клубунун башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

 “Манчестер Юнайтед” футбол клубунун башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

Бишкек, 24-май /Кабар/. Британиянын “Манчестер Юнайтед” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Луи Ван Гал машыктыруучулук кызматтан кетти. Бул тууралуу МИР маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Манчестер Юнайтед” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Англия чемпионатынын ушул сезонунда “Манчестер Юнайтеддин” оюнчулары бешинчи орунду алып, чемпиондор лигасына өтпөй калгандыгына байланыштуу кызматтан кетти. Голландиялык 64 жаштагы машыктыруучу бул кызматта 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан.

Ал эми МЮнун башкы машыктыруучулук кызматына лондондук “Челси” клубунун мурдагы машыктыруучусу португалиялык Жозе Моуринью келери айтылууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу