Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/05 11:40
 

Бишкекте Таеквондо-до ИТФ боюнча КРнын Чемпионаты болуп өттү

 Бишкекте Таеквондо-до ИТФ боюнча КРнын Чемпионаты болуп өттү

Бишкек, 16-май /Кабар/. Кечээ, 15-майда Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Таеквондо-до ИТФ боюнча КРнын Чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Таеквондо Федерациясынан билдирди.

Аталган турнирде 5-11-сентябрда Италияда (Андрия) боло турган Дүйнө Чемпионатына катышууга спортчулар тандалат.
КРдеги Чемпионатка 150 спортчу катышып, Ысык-Көлдөн келген 14-17 жаштагы өспүрүмдөр командалык эсепте 1-орунду жеңип алышты. Мелддеште Дарья Шлей, Дмитрий Шлей, Никита Цой, Айдай Кыдыралиева, Саламат Каимов, Данил О, Андрей Ненашевдер Дүйнөлүк Чемпионатка катышуу укугуна ээ болушту. Ал эми Тимур Якубов, Айтегин Асизов, Владимир Пилипенко, Анвар Турдибоев, Азамат Батабаев, Милана Кудайбердиева, Андрей Беляев, Канатбек уулу Азирет, Урмат уулу Дастан КРнын чемпиондугуна татыктуу болушту.

Таэквондо ITF боюнча эл аралык “Ысык-Көл Кубогунун” кийинки турнири Чолпон-Атада 28-июндан 5-июлга чейин болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу