Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/05 11:33
 

Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды багындырышты

 Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды багындырышты

Бишкек, 14-май /Кабар/. 2016-жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия Чемпионатына Ош шаарынын спортчусу 69 кг салмакта Айбек Акылбек уулу катышып, III- орунду багындырган. Ошондой эле, май айынын ушул күндөрү Тажикистандын Душанбе шаарында болуп өткөн студенттер арасында Азия Чемпионатында 56 кг салмакта Алманбет Алибеков да III- орунду ээлеп, коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

“Өлкөбүздүн, сүйүктүү шаарыбыздын намысын чет өлкөдө коргоп, Кыргызстандын желегин бийикке желбиретиш биз үчүн сыймык. Бизди ушундай мелдештерге жиберип, жетишкендиктерде колдогон, ата-энелерибизге, Ош шаарынын мэриясына, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине, машыктыруучуларыбызга чоң рахмат”,- дейт спортчулар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу