Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
13/05 16:01
 

ФИФА президенти Джанни Инфантино менен Семетей Султанов жолугушту

 ФИФА президенти Джанни Инфантино менен Семетей Султанов жолугушту

Бишкек, 13-май /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кыргызстандын футбол федерациясынын (КРФФ) президенти Семетей Султанов Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-майда Мехикодо шаарында башталган ФИФАнын конгрессинин алкагында КРФФнын президенти Семетей Султанов ФИФАнын президенти Джанни Инфантино менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө С.Султанов менен Д.Инфантино жакынкы убакытта Кыргызстанда футболду өнүктүрүү долбоорлорун талкуулашты. ФИФАнын башчысы өз кезегинде КРФФнын активдүү жана жемиштүү ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда футбол жакшы өнүгүп жатканын белгилеген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу