Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/05 12:10
 

Кыргызстан менен Ливандын футболдук мелдеши өтпөй калды

 Кыргызстан менен Ливандын футболдук мелдеши өтпөй калды

Бишкек, 11-май /Кабар/. Кыргызстан менен Ливандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын 2-июнда Бишкекте өтө турган жолдоштук беттеши болбой калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, беттештин өтпөй калышына Ливандагы саясий окуялар себеп болгон. Анткени, 10-майга пландалган президенттик шайлоолор өтпөй калды. Мындан улам Ливандын парламенти кворумду камсыздай алган жок жана процесс 2-июнга жылдырылды деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан-Ливан матчы ФИФАнын сайтындагы курама командалардын оюндары календарынан расмий алынды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу