Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/05 14:43
 

“Жалалабадэлектро” Улуу Жеңиштин урматына спорттук мелдеш өткөрдү

Бишкек, 10-май /Кабар/. 9-Май Улуу Жеңиш күнүнүн 71 жылдыгына карата “Жалалабадэлектро” Ачык Акционердик коому электр тармактар ишканалары арасында спорттун төрт түрү боюнча мелдеш уюштурду. Бул тууралуу Эалалабадэлектро” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш футбол, валейбол, теннис жана жеңил атлетика боюнча өткөрүлдү.
Калкты электр энергия менен камсыздоодо, электр чубалгыларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө ыкчамдык талап кылынат. Мындан улам спорт менен кесиптик жумушту айкалыштырууга болот. Ошондой эле, электр тармактар ишканаларынын кызматкерлеринин ортосундагы достукту чыңдоо, тажрыйба алмашуу спорттук мелдештин өзөгүн түзөт. Бир күнгө созулган мелдеш кызуу өткөрүлдү.

Жыйынтыгында футбол оюну боюнча
1-орун “Жалалабадэлектро” ААКнын кызматкерлери
2-орун Сузак райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери
3-орун СЭВО

Валейбол оюну боюнча
1-орун Аксы райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери
2-орун “Жалалабадэлектро” ААКнын кызматкерлери
3-орун Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери

Теннис оюну боюнча
1-орун Таш-Көмүр элеткр тармактар ишканасынын кызматкерлери
2-орун “Жалалабадэлектро” ААКнын кызматкерлери
3-орун Аксы райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери

Жеңил атлетика оюну боюнча
1-орун Токтогул РЭТ
2-орун Базар-Коргон РЭТ
3-орун ЖАЭ ААК

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу