Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
07/05 12:10
 

Кыргызстандык гимнасттар көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатына катышуу үчүн Ташкентке келишти

Ташкент, 7-май /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Машыктыруучу Жаңыл Каймназарова башында турган Кыргызстандын делегациясы көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатына катышуу үчүн кечээ Ташкентке келишти. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинин кабарчысына Өзбекстан гимнастика федерациясынын басма сөз катчысы Ника Багирова билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка Кыргызстандын атынан Александр Валгер жана Светлана Руденко катышат. Ошондой эле, мелдешке Гонконг, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Корея, Малайзия, Түндүк Корея, Сирия, Таиланд, Япония жана Өзбекстандан 160 дан ашык өкүл катышат.

Негизги мелдештер 8-майда башталып, 11-майга чейин уланат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу