Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
07/05 10:36
 

Эртең Бишкекте дуатлон боюнча мелдеш өтөт

Бишкек, 7-май /Кабар/. 8-майда Бишкекте дуатлон боюнча "Спринт" дистанциясына экинчи мелдештер өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Триатлон Федерациясынын маалымат баракчасында кабарланган.

Бул күнү мелдештин катышуучулары өздөрүнүн чуркоо боюнча күчтөрүн текшеришет, ошондой эле велосипед менен жүрүшүп, андан кийин мелдешти кайрадан чуркоо менен аякташат. Мелдештин катышуучусу эки дициплинаны тыныгуусуз жана белгиленген убакыт ичинде басып өтүүгө тийиш.

“Спринт” дистанциясы биринчи баскычта 5 чакырым чуркоону, 20 чакырым веложарыш жана аягында 2,5 чакырым чуркоону камтыйт.
Мелдештер Бишкек мэриясынын колдоосу менен Түштүк магистраль жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде өтмөкчү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу