Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
07/05 10:12
 

Футзал боюнча Жалал-Абад Динамо командасы “Өлкөнүн чемпиону” аталды

Бишкек, 7-май /Кабар/. Футзал боюнча Жалал-Абад Динамо командасы “Кыргызстандын Кубогу 2016” мелдешинде “Өлкөнүн чемпиону” аталды. Кубок үчүн командалар 2 тайпага бөлүнүп таймашууда. Тайпалык оюндар 4-5-май күндөрү, ал эми жарым финал жана финал 6-майда өткөрүлдү.

"А" тайпасы
"Химик" (Сузак)
SRT (Ош)
"Динамо" (Жалал-Абад)

"В" группасы
"Баткен сити" (Бишкек)
"Талас-Наше" (Талас)
"Баткен"-СОБР (Баткен)

Кыргызстандын кубогуна република боюнча региондордон 6 команда катышып, мелдеш Жалал-Абад шаарында 3 күнгө созулду.
Акыркы оюндун жүрүшүндө SRT Ош жана Жалал-Абад Динамо командасы 1-орунга атсалышып 1-2 эсебинде Жалал-Абад Динамо футболдук командасы жеңишке жетишти. Ошентип 1-орунду Жалал-Абад Динамо командасы ээлеп “Кыргызстандын Кубогуна” ээ болушту.Ал эми Ош SRT 2-орунду, Талас-Наше жана Баткен СОБР 3-орунду камсыздашты.

Кыргызстан футзал лигасынын президенти Рыскелди Мусаевдин айтымында, футзал боюнча мелдештин максаты, жер жерлерде футбол оюнун көрсөтүп жаштарды спортко чакырып, командалар арасынан мыктыларын тандап, жети дубандан Кыргызстандын курама командасын куруп дүйнөлүк аренага чыгаруу экенин билдирди. Ошондой эле спортко кошкон зор салымы үчүн Жалал-Абад ОИИБнын башчысына да Ардак грамота менен футзал лигасынын президенти тарабынан сыйланды.

Атап айтканда Кыргызстандын кубогунда,
“Мыкты дарбазачы” - Ермолов Кирилл-Динамо Жалал-Абад
“Мыкты оюнчу”- Гафуров Руслан- SRTОш
“Мыкты бомбардир” - Алимов Максат- Динамо Жалал-Абаддын спортчулары табылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу