Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
06/05 14:26
 

Анкарада студенттер арасында футбол боюнча беттеште Кыргызстандын командасы 2-орунду ээледи

 Анкарада студенттер арасында футбол боюнча беттеште Кыргызстандын командасы 2-орунду ээледи

Анкара, 6-май /Кабар/. 1-майда Түркиянын борбору Анкаранын Чубук мунициапалитетинин футболдук аянтчасында Анкаранын Жогорку окуу жайларында окуган студенттерден түзүлгөн командалар ортосунда футбол боюнча жыйынтыктоочу мелдеш болуп өттү. Ага Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Түрмөнстан, Өзбекстан, Түндүк Кипр Түрк республикасынан келип окуган студенттердин курама командалары катышты.

Өз ара беттешүүлөрдүн жыйынытыгында Кыргызстандын командасы бардык командалар менен ойноп жеңишке жетишип, финалга чыкты.
Биринчи орун үчүн Түркиянын муниципалдык футболдук командасы менен беттешип 5-2 эсебинде утулуп калды.
Ошентип, Түркиянын муниципалдык командасы биринчи, Кыргызстандын командасы экинчи, ал эми Азербайжандын командасы үчүнчү байгелүү орунду ээледи.

Оюндун акырында жеңишке жетишкен командаларды жана мыкты оюн көрсөткөн футболчуларды сыйлоо аземи болду. Финалда жеңишке жетишкен командага медалдар, сыйлоо баракчалары жана Кубок тапшырылды. Кыргызстандыктарга да медалдар, сыйлоо баракчалары салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

Сыйлыкты ташырууга Чубук мунициапалитетинин башчысы Туналай Ажихан, Кожа Ахмед Есеби Университетинин камкорчулар кеңешинин башчысы Муса Йылдыз, Чубук мунициапалитетинин спорт жана маданий иштер бөлүмүнүн башчысы, кыргыз жердешибиз Гүняминтокер жана ошондой эле Түркиядагы Өзбекстан, Казакстан элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.

Алар жеңишке жетишкен командаларды куттуктап, ушундай спорттук оюндар түрк мамлекеттери, түрк дүнүйөсү ортосунда мамилени дагы жакшыртып, эң ириде студенттердин башын бириктирүү болоруна токтолушту.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу