Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/04 10:12
 

Оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Изат Артыков баш байгени жеңип алды

 Оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Изат Артыков баш байгени жеңип алды

Бишкек, 27-апрель /Шаххан Мырзабеков- Кабар/. Изат Артыков оор атлетика боюнча Азия чемпионатында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу эл аралык оор атлетика федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандык оор атлетчи 26-апрелде 69 килограмм салмак категориясында баш байгени жеңип алды. Чемпионаттын жүрүшүндө 69 салмак категориясында күч сынашкан 27 спортчунун арасында И.Артыков Кыргызстандын намысын коргоду. Ал силкип көтөрүү ыкмасында 150 килограммды, ал эми түртүп көтөрүүдө 188 килограммды багындырууга жетишкен. Жалпы 338 килограммды көтөрүп, өз атаандаштарын артка калтырды.

Ал эми дагы бир Кыргызстандык спортчу Сыргак Абдраманов жалпы 277 килограмм салмакты көтөрүп 27 спортчунун ичинен 17-оорунду камсыздады.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу