Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/04 17:42
 

Нарында мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасы өтөт

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. 2016-жылдын 4-7-май күндөрү Нарын облусунда мектеп окучууларынын республикалык спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Спартакиадага жети облус жана Бишкек, Ош шаарларынан 450 гө чукул окуучунун келиши күтүлүүдө. Мелдеш спорттун алты түрү боюнча өткөрүлөт: шахмат, улуттук күрөш, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, стол үстүндө теннис жана ордо.

Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Аталган мелдеш Тарых жана маданият жылына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу