Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/04 09:24
 

Казыяттыр арасындагы футбол мелдешинде баткен казыяты биринчиликти багындырды

 Казыяттыр арасындагы футбол мелдешинде баткен казыяты биринчиликти багындырды

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. 23-апрелде Жалал-Абад облусунда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу түштүк аймактык казыяттар арасында “Спорт ынтымакты, биримдикти бекем дейт жана спорт экстремизм, терроризмге каршы” аталышындагы спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдештин ачылышында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Шергазыев Жоробай ажы сөз сүйлөп, пайгамбарыбыз (с.а.в)дын “Жүрөгуңөрдү кез-кезименен эс алдырыптургула” деген куттуу хадисин айтып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады.

Андан соң казыяттар арасында кичи футбол мелдеши кызуужүрүп, жыйынтыгында Баткен облустук казыяты 1-орунга озуп чыгып, кубок жана акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми 2-орунду Жалал-Абад областынын казыяты, 3-орунду Ош шаардык казыяты, 4-орунду Ош областынын казыяты ээлешти. Ошондой эле, аталган мелдеште Баткен казыяты “үлгүлүү команда” наамына ээ болду.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу