Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/04 14:45
 

Ошто Таэквон-до боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтүүдө (фото)

 Ошто Таэквон-до боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтүүдө (фото)

Бишкек, 16-апрель /Кабар/. Бүгүн, 16-апрель күнү Ош шаарында Таэквон-до боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты башталды. Мелдештин расмий ачылышына шаардын вице-мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Исраилов, КРнын Таэквон-до боюнча Федерациясынын өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер жана спортчулар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

М.Исраилов акыркы мезгилдерде спорт тармагы өнүгүп, жаштар арасында спортко тартылуу өсүп жатканын белгиледи.

“Бул мелештин негизги максаты - эл аралык мелдештерге Кыргызстандын мыкты спортчуларын тандап алуу, спортту калк арасында жайылтуу, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет. Мелдеште 6 жаштан 35 жашка чейинки спортчулар күч сынашат”,-деди Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазов.

Медешке өлкөнүн бардык облус, шаарларынан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген жалпы 200дөн ашуун спортчулар катышууда.

Чемионаттын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медалдар, акчалай сыйлыктар жана эл аралык мелдештерге катышууга жолдомолор берилет.

Спорттук иш-чара эки күнгө созулуп, жыйынтыгы 17-апрель күнү чыгарылат.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу