Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/04 12:45
 

"Ак Жар" конушундагы мечит намазканалар арасында спорттук мелдеш өтүүдө

Бишкек, 16-апрель /Кабар/. 15-апрелде Бишкек шаарындагы "Ак Жар" конушундагы "Хафиз уулдары" мечитинин имам хатиби Курманбаев Улан карынын демилгеси менен конуштун жашоочуларынын арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган футболдук мелдеш өткөрүлдү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаздын келиши менен башталган бул мелдеш экинчи ирет өтүүдө. Мелдеш ушул жылдын март айынан тарта ай сайын конуштун жашоочулары арасында мелдеш өткөрүү чечими кабыл алынган. Бул ирет командалардын даярдыгы кыйла жогору болгондугу байкалып, командалар арасындагы таймаш кызуу жүрдү.

-Спорттук мелдеш имамдар ортосундагы мамилени бекемдеп, кызматтык тажрыйба алмашуу менен бири-бирин жакындан таанууга чоң өбөлгө болмокчу,-деди Улан кары Курманбаев.

Футболдук мелдештин жеңүүчүлөрүнө чемпиондук кубок жана медалдар тапшырылды.
Ал эми эл менен активдүү иштешкендиги үчүн Улан кары Курманбаев айыл өкмөттүн ардак баракчасы менен сыйланды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу