Спорт

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/04 13:09
 

Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Макаонун улуттук дружинасын утуп алды

 Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Макаонун улуттук дружинасын утуп алды

Бишкек, 15-апрель /Кабар/. Хоккей боюнча эл аралык Азия чакыруу кубогунун жыйынтыктоочу оюунунда хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Макаонун улуттук дружинасын утуп алды. Бул тууралуу эл аралык Хоккей федерациясынын расмий сайты билдирди.

Маалыматка караганда, хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Макаонун улуттук дружинасын 8:1 эсеби менен жеңип алып, акыркы беттеш алдында мөөнөттөн мурда Азия чакыруу кубогунда жеңишке жетти. Тактап айтканда, Кыргызстандын курама командасы оюндун жүрүшүндө баардык атаандаштарын жеңип, максималдуу упай топтоого жетишкен. Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасын мындан ары Азия чакыруу кубогунун элиталык дивизионунда ойноого жол ачат.

Эскерте кетсек, Азия чакыруу кубогу турнири 9-15-апрелде Кыргызстанда өттү. Бул беттешке Кыргызстан, Катар, Макао, Индия жана Малайзия өлкөлөрү катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу