15.04.2016, 10:11

Ошто футбол калыстыгына окуу курсу ачылат

 Ошто футбол калыстыгына окуу курсу ачылат

Бишкек, 15-апрель /Кабар/. Ош шаарында футбол калыстыгы боюнча окуу долбоору башталат. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети футбол федерациясы менен биргеликте футбол калыстыгы боюнча окуу курсун баштайт. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Суербек Аманиллаев билдиргенин Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуу долбоору 3 айга созулуп, сабактарды белгилүү дүйнөлүк футбол калысы Бахадыр Кочкаров өтөт. Окуу курсу жумасына үч күн болсо, калган күндөрү практика жүзүндө көрсөтүлөт. Иш-чара Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан акысыз уюштурулду.

Кабыл алуу 15-25-апрелге чейин Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин кеңсесинде болот.