13.04.2016, 11:12

Ош шаарында спорттун таэквон-до түрү боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпонаты өтөт

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. 16-17-апрелде Ош шаарындагы "Коңурат" спорт комплексинде таэквон-до боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын спорт бөлүмү билдирди.

Ага республиканын баардык аймактарынан жана коңшу мамлекеттерден спортчулар келип катышат. Бул мелдеш эки күнгө созулат.