Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/04 11:01
 

КРнын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциянын директору дайындалды

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Төлөсүн Ысыралиев Кыргыз Республикасынын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциянын директору болуп 2 жылдык мөөнөткө дайындалды. Бул тууралуу спорттук кабарчы Кабыл Макешов билдирди.

Өмүр-баяны
Спорт ишмери Төлөсүн Шамурович Ысыралиев 1967-жылы 6-августта Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. Грек-рим күрөшү боюнча СССР спорт чебери, республикалык калыс, КРнын чемпиону, Эл аралык, союздук мелдештердин жеңүүчүсү.

1987-жылы Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия институтун, 2009-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин бүткөн. 1990-1993-жылдары Бишкектеги №5 балдар-спорт мектебинде инструктор, 1994–2002-жылдары «Жети суу» биргелешкен ишканасынын соода агенти, 2003– 2006-жылдары «Илимдер академиясы» эс алуу үйүнүн жетекчисинин орун басары, 2006–2009-жылдары КРнын грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти, 2010–2011-жылдары Бишкектеги борбордук «Спартак» стадионунун директору, «Спорт имараттары жана спорттук курулуштар» башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

2011–2014-жылдары Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын директору болуп кызмат өтөгөн.2014-жылдан 2016-жылдын 12-апрелине чейин Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында машыктыруучу болуп иштеген. Эл аралык күрөш федерациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын дене тарбия, спортунун отличниги.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу