Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
11/04 10:58
 

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Катардын командасын утуп алды

 Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Катардын командасын утуп алды

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Кыргызстан Азиянын чакырык кубогу үчүн турнирде дагы бир ири жеңишке жетишти. Бул тууралуу спорттук журналист Кабыл Макешов билдирди.

Кыргызстан менен Катардын ортосундагы экинчи матч жекшемби күнү өттү. Жергиликтүү команда Катардын командасын 9:0 эсеби менен утту.
Ага чейин ишемби күнү турнирдин алгачкы күнүндө кыргызстандыктар Индиянын командасын 11:1 эсеби менен жеңип алган. Мелдештин ачылыш салтанаты 9-апрель күнү өттү.

Кыргызстандын курама командасы аталган турнирге үчүнчү жолу катышууда. Турнирдин жеңүүчүсү Азиянын чакырык Кубогунун элиталык дивизионуна жолдомо алат.

2014-жылы жергиликтүү команда биринчи дивизионго Индия, Макао жана Сингапур менен чогуу катышкан. Финалда кыргызстандыктар Макао командасынан утулуп, экинчи орунду ээлеген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу