11.04.2016, 09:25

Ошто “Спорт тынчтыктын символу” аттуу спорттук мелдеш аяктады

 Ошто “Спорт тынчтыктын символу” аттуу спорттук мелдеш аяктады

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан “Тарых жана Маданият” жылына карата облустун дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын арасында өткөрүлгөн волейбол жана футбол боюнча “Спорт тынчтыктын символу” аттуу спорттук мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдешке облустун диний окуу жайларынын окутуучулары менен студенттери, райондук хатибияттар, “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун кызматкерлери жана ОшМУнун теология факультетинин окутуучулары менен “Ыйман” лицейнин окуучулары катышты.

Жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашовдун атынан акчалай байгелер жана облус казысы Самидин кары Атабаевдин атынан дипломдор тапшырылды.