Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/04 11:14
 

Ошто “Тарых жана Маданият” жылына карата “Спорт тынчтыктын символу” аттуу мелдеш өтөт

Бишкек, 7-апрель /Кабар/. 2016-жылы 9-апрелде Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан “Тарых жана Маданият” жылына карата дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын арасында волейбол жана футбол боюнча “Спорт тынчтыктын символу” аттуу спорттук мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мелдешке Ош облусунун 7 районунун дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын мугалимдери менен студенттери катышмакчы. Спорттук мелдешке жалпысынан 20дан ашуун командалардын катышуусу күтүлүүдө. Аталган мелдештин негизги максаты дин кызматкерлеринин спортко болгон кызыгуусун арттыруу аркылуу сергек жашоого үндөө жана ар түрдүү терс агымдардын алдын алууга үндөө болуп саналат. Мелдеш Ош мамлекеттик университетинин Биология факультетинин спорттук залында саат 9:00дө башталат. Кошумча маалымат үчүн 0554651212, 0557909060 номерине кайрылсаңыздар болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу