Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/04 15:20
 

9-апрелде Ошто массалык чуркоо өтөт

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. “Тарых жана маданият” жылына карата Ош шаарында 9-апрель күнү жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча массалык чуркоо болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Спорттук иш-чарага шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери, 45-60 жаштан жогорку курактагы эркектер жана аялдар, күч органдарынын кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары катыша алышат.
Катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашат.
Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор жана баалуу белектер берилет.

“Иш-чаранын негизги максаты спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет”,-деди Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

Ошто бул сыяктуу мелдештер ар жылы уюштурулуп келет.
Иш-чара саат 8:30да шаардын борбордук аянтында башталат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу