Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
05/04 12:43
 

“Челси” футбол клубуна жаңы машыктыруучу келди

 “Челси” футбол клубуна жаңы машыктыруучу келди

Бишкек, 5-апрель /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Италиялык 46 жаштагы машыктыруучу Антонио Конте Лондондун ”Челси” футбол клубун машыктуруу үчүн 3 жылдык келишим түздү. Бул тууралуу “Лента ру” маалымат кызматы билдирди.

“Челси” клубунун жетекчилиги менен түзүлгөн келишим Францияда боло турган Европа чемпионатынын аякташы менен күчүнө кирет. Ал эми аталган клубду Голландиялык Гус Хиддинк машыктырып келет.

Антонио Конте учурда Италиянын курама командасын машыктырып жатат. Курама команданы машыктыруу боюнча 3 жылга созулган келишими ушул жылдын июль айынын аягында бүтөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу